Жаңылыктар
Мамлекеттик тууну барктайлы!
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик тууну барктайлы!

Кыргызстан көз мамлекет катары өзүнө таандык мамлекеттик атрибуттары бар. Мамлекеттик маанилүү иш-чаралар бийиктик менен биримдиктин символу катары ортосунда күн менен түндүк жайгашкан, кызыл түстөгү туубузду көтөрүү менен өткөрүлөрү маалым. Арийне, айрым социалдык мекемелерде желекти тытылганча коюп, кээ бир жерлерде аны тетири илип алган учурлар да жок эмес.  

Өлкөнүн бүтүндүгүн жана эркиндигин даңазалап келген мамлекеттик туу Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун кире беришине, атайын жасалган түркүккө илинген. Бирок илинген туубуз тытылып, өңү өчүп, байрак экени байкалбай калган.

Мындай абалга кириптер болгон байрак Ала-Бука айыл өкмөтүнүн имаратында да илинип турат. 

Ушул эле Ала-Бука районунун Өрүктү айыл өкмөтүнүн имарат алдына илинген желек тытыла баштаган. Анысы аз келгенсип, имарат ичине туунун кабыл алынган күнүн адаштырып, 5-март деп жазып алышкан.