Жаңылыктар
Өткөн жылдагы адам өмүрүн алган жол кырсыктар
Кыргызстан жаңылыктары
Өткөн жылдагы адам өмүрүн алган жол кырсыктар

Өткөн жылы Кыргызстанда 6346 жол кырсыгы катталган, анда 907 адам адам каза болгон. Жыйынтыкта белгилүү болгон жол кырсыгы 2016-жылга салыштырмалуу былтыр 8,1% көп катталган. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов маалымат жыйында билдирди. 

Жол кырсыгынын  көбү калк жайгашкан аймакта катталган. Ал эми жол кырсыгынын себептеринен жалпы көрсөткүчтөн 43% - жөө жүргүнчүлөрдү коюп кетүү түзгөн. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Cүймөнкүл Идирисов, "Биринчи радио"