Жогорку артериялык кан басымды кантип алдын алса болот?
Жогорку артериялык кан басым –өтө кеңири тараган оору. Врачтар аны гипертония дешет. Дүйнөдө чоңдордун 30%дан көбүрөөк бөлүгү жогорку артериялык кан басымдан азап тартышат. Кыргызстанда чоңдордун 40%ында жогорку артериялык кан басым байкалат.
Инфаркт менен инсульт- жогорку артериялык кан басымдан пайда болуучу негизги оорулар. Булар өлкөдөгү баардык өлүмдөрдүн 50%ын түзөт.

Гипертония диагнозу кантип коюлат?

Гипертония диагнозун аныктоо үчүн жогорку артериялык кан басымды бир ирет текшерүү жетишсиз. Ошондуктан артериялык кан басымды бир нече жолу ар башка кундөрдө өлчөө зарыл. Эгер сиздин артериялык кан басымыңыз жок дегенде эки жолу ар башка күндөрү жогоркусу 140 мм смп. мам. дан жогору же төмөнкүсү 90 мм смп.мам.дан жогору болсо, анда сизде гипертония бар.


Артериялык кан басымдын жогорулашын сезсе болобу?
Артериялык кан басымдын жогорулашын сезсе болобу?
Көпчүлүк учурларда сиз кан басымыңыз жогорулап кеткенин сезбей да каласыз, ошондуктан аны "үнсүз өлтүргүч" деп коюшат. Сиз жогорку артериялык кан басымыңыз бар экенин көптөгөн жылдар бою сезбей да, билбей да жүрө беришиңиз мүмкүн.

Бирок ал ушул жылдар аралыгында жүрөк, баш мээ жана бөйрөк сыяктуу өмүргө зарыл органдарга залалын тийгизе берет.
Жогорку артериялык кан басым канчалык көпкө созулса, инсульт же инфаркт сыяктуу олуттуу оорулардын коркунучу да ошончолук жогору болот.
Артериялык кан басым капысынан өтө жогорулап кеткенде гана сиз башыңыз ооруганын же алыңыз кеткенин сезишиңиз мүмкүн. Көпчүлүк учурда жогорку артериялык кан басымдуу адамдар эч кандай ыңгайсыздыкты же кандайдыр бир ооруну сезишпейт.
Жогорку артериялык кан басым жүрөктү, мээни жана башка органдарды кантип жабыркатат?
Жогорку артериялык кан басым атеросклероздун эрте пайда болушуна түрткү берет.
Артериялык кан басым дайыма бир калыптабы?
Артериялык кан басым адамдын ден соолук абалынын эң маанилүү көрсөткүчү болуп эсептелет. Басым деңгээли туруктуу бирдик эмес, ал дайыма өзгөрүп турат. Мисалы, артериялык кан басым дене күчүн жумшап иш аткарганда, сезимге берилип толкунданганда көтөрүлөт. Атүгүл, тартылган тамеки же ичилген бир чөйчөк кофе да басымды биразга көтөрүшү мүмкүн. Андан соң организмдин басым деңгээлин тескөөчү системаларынын туура жана тез иштөө шартында кан басым кайра демейки калыбына кайтышы тийиш. Мисалы, сиз чуркаганыңызда басым көтөрүлөт, тынч отурганда басым төмөндөйт. Ошентип, артериялык кан басым бир күндүн ичинде бир нече жолу өзгөрүп турат. Андыктан, артериялык кан басым тынч отурганда өлчөнүшү керек.
Кандай артериялык кан басымды жогорку жана кандайын нормалдуу дейбиз?
Оптималдуу артериялык кан басым деп, тынч абалда систоликалык басым 120 мм смп.мам. ашпай жана диастоликалык басым 80 мм смп.мам. болгонун айтабыз.
Бирок артериялык кан басым 140/90 мм смп.мам. чейин да нормалдуу делинет. Гипертонияны пайла болтурбоо максатында артериялык кан басым деңгээлин ушул көрсөткүчтөрдөн жогорулашына жол бербөө зарыл.
Эске тутуңуз! Тынч абалда сиздин артериялык кан басымыңыз 140/90 мм смп.мам.төмөн болбошу керек.

Атеросклероз-бул артериянын капталында көп жылдардан бери жыйналып келген май менен кальцийдин кошундусунун катмарлары. Бул артерияларды кууш жана катуу кылып, найтыйжада алар өздөрүнүн ийкемдүүлүгүн жоготот. Тамырдын капталдарындагы катмарлар улам көбөйгөн сайын, артериялык улам тарып, алар менен аккан кандын саны ошончолук азайат.

Кокус артерия кайсы бир жерде өтө кууш болуп калса, кандын агымы каалаган мезгилде тып токтоп калышы мүмкүн. Натыйжада ошол жерден кийинки бөлүк өлөт, себеби ага кан барбай калат.

Инфаркт
Инфаркт учурунда эмнелер болот?
Инфаркт жүрөктүн бир бөлүгүнө кан барбай калган учурда болот.
Мындай учур атеросклероздук катмарлар жүрөккө кетчү артериянын бирин толугу менен жаап калганда болот.
Бул көкүрөктө катуу ооруксунууну пайда кылат. Жүрөк алсыз иштейт жана жүрөктүн кагуусу бузулат. Жүрөк иштебей калганда адам өлөт.

Инсульт
Инсульт учурунда эмнелер болот? Мээбиздин бир бөлүгүнө кан жетишээрлик барбай калганда инсульт пайда болот. Мындай учур атеросклероздук катмар артериялардын бирин бууп салганда же кан тамыры жарылып, мээге кан куюлганда болот.
Мээнин бу бөлүгү эми иштебей калат. Ошондо дененин бир капталы шал болуп, же адам сүйлөө жөндөмүн жоготот, же басалбай калат. Чоң инсульт өлүмгө алып келиши мүмкүн.
Артериялардын инфарктка кириптер кылчу ичкерүү тездиги ар бир адамда ар башкача болот. Бул процессти бир кыйла тездетүүчү көптөгөн факторлор бар. Алар коркунуч факторлору деп аталат. Эң маанилүү коркунуч факторлору деп төмөнкүлөр аталат:
-Тамеки чегүү
-Ашыкча салмак
-Кыймылдын аздыгы
-Кандагы холестериндин (май) жогору болушу
-Диабет
-Тукумкуучулук
-Тузду ашкере керектөө


Ашыкча салмак
Орточо нормага ылайык, сиздин салмагыңыз сантиметр менен алынган боюңуздан 100 деген санды алып койгондогудан ашык болбошу керек (мисалы, боюңуз 170 см болсо, анда салмагыңыз 70 кгдан ашпоого тийиш). Ашыкча салмактын пайда болушунун бир белгиси бул курсактын айланасы. Эгер аялдын белинин айланасы 88 см, ал эми эркектики 102 см ашык болсо, анда бул сизде ашыкча салмак бар экенин далилдейт. Ал эми так ошонун өзү артериялык кан басымдын жогорулоо коркунучун күчөтөт. Эгер сиз ашыкча салмагыңызды азайтсаңыз, анда дарыны да азыраак ичип, айпым учурларда алар таптакыр керексиз болуп калат. Ашыкча салмактын ден соолукка дагы көптөгөн тескери таасирлери бар. Алсак, ашыкча салмактуу адамдардын диабет оорусуна чалдыгуу коркунучу да көбүрөөк. Алардын омурткасы жана муундары да эрте бузулат. Ошентип, салмакты түшүрүүнүн ден соолугуңузга керектүү көптөгөн жакшы жактары бар.
Нанды, камырды, картошка жана майлуу тамакты кыскартышыңыз керек. Айрыкча, каныңызда холестериндин өлчөмүн ар бир 5 жылда бир өлчөп туруу зарыл.

Дене көнүгүүлөрү
Эгер сиз күн сайын кара жумуш жасап, алыс аралыктарга (кеминде 5-10 км) жөө басып жүрсөңүз, анда сизде ашыкча салмак болбосо керек.
Бирок сиз көбүнчө отуруп иштесеңиз же жумушуңуз кара күчтү талап кылбаса анда жеген тамагыңыз денеңизге май болуп топтоло берет.
Мындай учурда динамикалык дене көнүгүүлөрү менен машыгуу керек (жумасына 3-4 жолудан, 30-45 мүнөт жөө жүрүү).
Мындай көнүгүүлөр ашык салматан кутулууга жардам берип, артерияларыңызды сыйдам жана ийкемдүү сактайт.
Тамеки чегүү
Тамеки чегүү артериянын ичкеришин кескин тездетет жана инфаркт же инсульттун пайда болуу коркунучунун олуттуу фактору болуп саналат. Тамеки чегүү өпкөгө да терс таасирин тийгизип, өнөкөт бронхитти пайда кылат жана рактын өөрчүп кетүү коркунучун кескин күчөтүп жиберет.
Тузду ашкере керектөө
Тузду ашкере керектөө да артериялык кан басымдын жогорулашына түрткү берет. Төмөндө тузду керектөөнү кантип азайтуунун бир нече жолдорун сунуштайбыз:
Тузду аз салыңыз, айрыкча камыр же шорпо бышырганда. Туздуу шорпону ичпөөгө аракеттениңиз же суу кошуп ичиңиз.
Туздалган жашылча-жемиштерди керектөөдөн мурун, аларды 1-2 саат сууга чылап коюңуз. Бул жашылчадагы туздун өлчөмүн азайтат. Чайга туз салбаңыз.
Тамак-ашыңызга көңүл буруңуз
Консерванттарды жана курамында тузу көп азыктарды (сыр, колбаса ж.б.) колдонбоого аракеттениңиз.
Үйүңөздө нан бышырган кишиден тузду азыраак кошуусун сураныңыз.
Нан анчалык туздуу эмес, бирок биз нанды көп жегендиктен, андагы тузду да көп керектейбиз.
Тукумкуучулук
Эгер сиздин тике туугандарыңыз (апаңыз, атаңыз же бир туугандарыңыз) 65 жашка чыга элегинде инсульт же инфаркт болгон болсо, анда сиздин бул оорулар менен оору коркунучуңуз да жогору. Албетте, биз тукумкуучулукту өзгөртө албайбыз. Бирок бул коркунуч сиздин үй бүлөңүзгө мүнөздүү болсо, анда жогоруда айтылган сунуштарды кармануу жана артериялык кан басымды дарылоого болгон дарыгериңиздин буйругун аткарышыңыз өтө маанилүү.
Фармацевттик компаниялар бир эле дарыны фармакологиялык аталышы менен же башка аталыштарда ("бренд" делгени) сатышат. Алардын баасында айырма болгон менен, курамы окшош. Ошондуктан врачыңыз менен каражатыңыз жеткидей дарыны жазып берүүнү кеңешиңиз. Дарыканадан арзан дарыны кымбатына лмаштырууга жол бербеңиз. Анткени кымбат дары жакшы дегендикке жатпайт.
Баардык дарылар пациенттерге жетиштүү деңгээлде натыйжалуу боло бербейт. Врачыңыз сизге натыйжа бере турган дарыны тандоого аракет кылышы керек. Ошондуктан дарылоонун биринчи айында тийиштүү дары жанан анын так дозасы тандалмайынча артериялык кан басымды тез-тез (кээде күн сайын) текшерип туруу керек. Артериялык кан басым туруктуу абалга келгенден кийин, аны 3 айда бир жолу текшертсе болот.
Инфаркт жана инсульт коркунучун кантип азайтууга болот?
-Эгер жогорку артериялык кан басымыңыз болсо, врач дайындаган дарыларды күн сайын ичиңиз.

- Эгер салмагыңыз ашык болсо аны азайтууга аракеттенеңиз.

- Кыймыл-аракетти көбөйтүңүз. Такай жөө жүрүңүз.

-Тамекини таштаңыз.

-Тузду тамакка азырак колдонуңуз.

-Эгер артериялык кан басымыңыз нормалдуу болсо артериялык кан басымыңызды кеминде жылына бир жолу текшертип туруңуз.
Инсульт же инфаркт болуу коркунучун кантип аныктаса болот?
Сиздин инфаркт же инсульт болуу коркунучуңуз артериялык кан басымыңыздын деңгээлине жана башка коркунуч факторлорунун болушуна байланыштуу болот. Төмөндөгү таблица сизге инфаркт же инсульт пайда болуу коркунучун аныктоого жардам берет. Андагы факторлордун канчасы сизге мүнөздүү экенин эсептеп көрүңүз.

Тамеки чегүү

Сиз тамеки чегесизби?
Ашыкча салмак
Курсагыңыздын айланасы нормадан чоңбу (аялдарда-68 см ден чоң, эркектерде-102 см ден чоң)
Диабет
Диабетиңиз барбы?
Тукумкуучулук
Апаңыз, атаңыз же бир-туугандарыңыз 65 жашка чейин инфаркт же инсульт болду беле?
This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website