Жаңылыктар
Мамлекеттик ипотекага курч көңүл бурула баштады
Экономика
Мамлекеттик ипотекага курч көңүл бурула баштады

Кыргызстанда эгемендиктен кийинки жылдарда курч көйгөйгө айланган маселелердин бири- жеке турак жайга муктаждык болду. Муктаждыктын өсүшүнө өлкөдөгү ички миграция да себеп болуп, аймактардан келген миңдеген жарандарыбыз, анын ичинен жаш үй-бүлөлөр борбор калаада азыркы кезге чейин батирден батирге көчүп күн өткөрүп, бул өз кезегинде турмуштун көнүмүш адаттарынын бирине айланып бараткандай.

Себеп бир гана ички миграция эмес, бул жааттагы көйгөйдү ошол эле айлык маянанын аздыгы жана турак жайдын кымбаттыгы менен да түшүндүрсө болот. Эгер сен мамлекеттик кызматта иштеп, көп кабаттуу үйдөн батир алам десең акчаңды бери дегенде жыйырма жыл чогултушуң керек. Мына ушул себептен калкты турак жай менен камсыз кылуу маселеси мамлекеттин алдындагы негизги тапшырмалардын бири болуп, бийлик аны социалдык турак жай программасы аркылуу чечүүгө белсенген.

Негизи мамлекеттик ипотека программасы 2015-жылы башталып, бул арада компания 2 миңден ашуун үй бүлөгө ипотекалык негизде батир берүүгө жетишти. Анын баштапкы үстөгү 12-14 пайыздан башталып, өткөн жылы болсо пайыздык чен сегиз пайызга чейин төмөндөтүлгөн. Бирок бул ченем да жарандар үчүн оор келип жаткандыктан, учурда пайыздык үстөктү 6 пайызга чейин түшүрүү маселеси каралууда.


Маселени ушул аптада президент Сооронбай Жээнбеков каржы министри Адылбек Касымалиев жана Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын төрагасы Бактыбек Шамкеев менен талкуулады. Каржы министри билдиргендей, ипотекалык насыянын үстөгүн 6 пайызга чейин төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Бул максат ушул жылдан тартып ишке аша баштайт. Өлкө башчысы өз кезегинде пайыздык чендери жогорку болсо да, бюджеттик эмес тармакта иштегендерге дагы ипотекага турак жай алуу үчүн насыяларды берүү милдетин койду.