Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү стратегиянын толук иштелип чыккан долбоору Улуттук кеңештин кароосуна февраль айынын соңунда чыгарылат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук кеңештин катчысы Нурсулу Ахметованы кабыл алуу учурунда белгилүү болду.
Долбоор буга чейин кеңири коомчулуктун катышуусу менен өткөн талкууларды эске алуу менен жүргүзүлүп жатат. Жана 2040 стратегиясы өлкө башчысынын сунуш пикирлери камтылып толук кандуу иштелип чыкмай болду. Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун даярдоо кандай таризде өтүп жатканы тууралуу өлкө башчысы маал маалы менен маалымат алууда.
Документ өтө олуттуу. Анткени “Таза Коом. Жаңы Доор” программасы 2018-40-жылдарга чейинки өлкөнүн өнүгүү багытын аныктайт. Жолугушууда Нурсулу Ахметова өлкө башчысына стратегиянын долбоорун иштеп чыгуу кеңири коомдук талкууну эске алуу менен жүргүзүлүп жатканын билдирди. Маселен буга чейин жарандык коом менен тыгыз байланышта болуу максатында стратегиянын текстине сунуштарды жана ой-пикирлерди топтоочу электрондук система түзүлгөн.