Жаңылыктар
Ош: шаардагы тартипке жалпы 200 көзөмөл камера көз салып турат
Кыргызстан жаңылыктары
Ош: шаардагы тартипке жалпы 200 көзөмөл камера көз салып турат

Түштүк борбордо 2014-жылдан бери “Акылдуу шаар” долбоорунун алкагында 200 видеокөзөмөл камералары орнотулган. Мунун баары жергиликтүү бюджеттин эсебинен жасалган. Дагы 1500 камераны орнотууга Huawei компаниясы жардамдаша турган болду. Адистердин айтымында, видеокөзөмөл камералары коюлгандан бери кылмыштардын бетин ачуу да бир канча натыйжалуу болуп калган. Бул Оштогу борбордук көчөлөрдүн кесилиши. 

Бардык объекттер көзөмөл астында. Шаардагы тартипке жалпысынан 200 көзөмөл камералары көз салып турат. Анын баары “Акылдуу шаар” долбоорунун алкагында орнотулган. Бул камералар жолдогу эле эмес, коомдук тартипти да сактап турат. Заманбап техника ар бир кыймылды анализдеп, керектүү адамдарды таап, толук маалыматты серверге жиберет. Ал эми маалыматтык борбор Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгында жайгашкан. Ош шаарындагы видеокөзөмөл системи жергиликтүү бюджеттин эсебинен үч этап менен орнотулган.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айтымында, үч жылдын аралыгында, камералардын жардамы менен көп кылмыштардын бети ачылууда. Долбоорду андан ары өнүктүрүү максатында Huawei компаниясынын өкүлдөрү “Акылдуу шаар” долбоорунун жаңы багыттары менен тааныштырды. Кытайлык компания аталган долбоор жол коопсуздугун сактоого кепилдик берет деп ишендирүүдө. “Акылдуу шаар” долбоорунун алкагында Ош шаарынын көчөлөрүнө 1500 видеокөзөмөл камералары орнотулмакчы. Аталган долбоорду толук ишке ашыруу убактысы бир жарым жылга мерчемделди.