Жаңылыктар
Мунай ташуунун түйшүгү жеңилдеди
Аймак
Мунай ташуунун түйшүгү жеңилдеди

Эми Орусиядан келүүчү күйүүчү майларды Ош шаарына чейин темир жолу менен түз, арзан баада ташып келсе болот.  Бир топ жылдан бери ишке ашпай келген бул маселеге келгенде жыл жаңырар алдында Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекет башчыларынын жолугушуусунан кийин жылыш башталды. Мындай кадам мунай ташыган кыргыз ишкерлерине кандай жеңилдиктерди берет. Орусиядан келүүчү күйүүчү майлар темир жол аркылуу Кара-Балта жана Бишкек шаарына ташылып келип, андан ары автоунаа менен республиканын түштүк аймагына ташылып жатат. Ал арада май тарткан автоунаа Кыргызстандын бүткүл аймагын аралап өтүп, бийик ашууларды ашып, өтө кооптуу жана татаал шарттар менен коштолот. Учурда темир жол аркылуу Кыргыз темир жолунун түндүк станцияларына гана эмес, түз эле Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына ыңгайлуу боло турган түштүктөгү станцияга чейин май жеткирсе болот. Бул багыт автомобиль транспортуна караганда бир кыйла арзан жана ыңгайлуу.

Өлкөнүн түндүгүнөн түштүгүнө күн сайын жүздөгөн тонна күйүүчү май ташылат. Кеминде 30-40 тонна күйүүчү май чиркеген автоунаалар Бишкектен Жалал-Абад, Ош, Баткенге чейинки аралыкты бир нече саатта, кээде бир нече күнгө чейинки убакта басып өтүшөт. Ай сайын Орусиядан Кыргызстанга 80 миң тоннага жакын күйүүчү май ташылып келсе, анын 40% түштүк аймактарга кетет. Кыргыз темир жол ишанасынан билдиргендей, Өзбекстан темир жол транзитин арзандатып берсе, күйүүчү майды ташуу жеңилдеп, баасы да арзаныраак болмок. 

Ушул тапта айына 30 миң тоннанын айланасындагы күйүүчү май Бишкек-Ош жолу аркылуу түштүк облустарга ташылууда. Күйүүчү май ташыган автоунаалар кабылган кырсыктар да көп каталып келет. Буга бир эле мисал 20-январь түнү катталган кырсыкты айта кетели. Май ташыган унаа оодарылып Чычкан суусуна түшүп кеткен.  Адистердин баамында Ош шаарына чейин темир жол аркылуу мунай ташуу, кырсыктардын санын азайтуу менен бирге, автомобиль жолдорунун сакталышына жана кооптуу жүктөрдү ташууда коопсуздукту сактайт.