Жаңылыктар
Бишкек: алыш бел боо боюнча эл аралык мелдеш өтөт
Спорт
Бишкек: алыш бел боо боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Эртең Бишкекте алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш быйыл экинчи ирет өтүп жатат. 

Байге үчүн Кыргызстан, Казактан, Тажикстан, Түркмөнстан, Монголия, Пакистан, Индия жана Орусия сыяктуу 15 мамлекеттин балбандары беттешет. Коноктордун көпчүлүгү келип бүттү. Эркектер ортосунда алты салмактык категория боюнча болсо, аялдар ортосунда беш салмактык категория боюнча билеги күчтүүлөр аныкталат. 

Жеңүүчүлөргө - медал, кубок жана баалуу белектер берилет. Уюштуруучулардын айтымында, бул мелдештин максаты алыш бел боо күрөшүн дүйнөлүк деңгээлге жеткирүү. Бул боюнча жакшы жылыштар да бар. Эң башкысы 2024-жылы өтө турган олимпиадалык оюндардын тизмесине кирип калышы мүмкүн деген үмүт бар.