Жаңылыктар
Бишкекте көзү азиздерди коомго аралаштыруу үчүн атайын курстар өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте көзү азиздерди коомго аралаштыруу үчүн атайын курстар өтүүдө

2014-жылдан бери жүргүзүлүп келген бул курстар мүмкүнчүлүгү чектелген мекендештерибизди жазганга, окуганга, компьютер менен смартфон колдонгонго, эң негизгиси коомдо өз алдынча жашоого үйрөтүп жатат. Учурда элеттен келген жети студент билим алууда.Алыскы Баткенден келген Нурбек - жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Ак Кеме” повестин брайл ариби менен орус тилинде окуп жатат. Ага чейин “Бетме-Бет”, “Жамиля”, “Биринчи мугалим” чыгармаларын окуп бүттү. Төрт айдан бери брайл ариби менен окуганды үйрөнүп жаткан Нурбек азыр минтип кадимкидей шар окуп калды. Брайл тамгасы менен жазылган китеп жокко эсе болгондуктан чоң чыгармаларды эми гана окуганга туура келүүдө. Болсо да орус тилинде, кыргыз тилинде китеп таппайсың. 

Жакшы жагы көзү азиздер мектебинде билим алгандыктан брайл тамгасын өздөштүрүү анча татаал болгон эмес. Ал эми 24 жаштагы Бексултан, тренингге катышып жаткан тайпалаштары менен компьютер, смартфон колдонгонду үйрөнүүнүн аракетинде. Аларга компьютер боюнча инструктор Азат Токтомбаев сабак өтүүдө. Азат өзү да ушул тренинг борборунун бүтүрүүчүсү. Айтымында кадимки эле компьютерге көзү азиздер үчүн өзүнчө үн коштоо менен үйрөнө турган программаны көчүрүп алуу керек. Болгону клавиатура менен экран колдонулбайт. Орус тилин билбегендерге анча-мынча кыйын болбосо 6 айда компьютерди жакшы өздөштүрүп кетсе болот. Көзү азиздерди коомго аралаштырууну максат кылган курстар 6 айга созулат жана 5 багытта окутулат. Мугалимдер негизинен ушул курстун бүтүрүүчүлөрү.

Орус, англис тили, брайл ариби менен окутуу, тамак-аш даярдаганды жана ак таяк менен өз алдынча жүрүүнү үйрөнүшөт. Жалалидин көзү азиздерди өз алдынча ак таяк менен жүрүүгө үйрөткөн инструктор.  Азыр курска жаңыдан кошулгандар жана 4 айдан бери билим алып жаткандар бар. Алардын баары элеттен келгендер. Билим алуу менен кошо коомдо өз алдынча жүрүүгө жана жашоо-тиричиликке үйрөнүшөт. Курска келгенге чейин үйүнөн чыкпагандар азыр өз алдынча шаар аралап, дүкөнгө барып азык-түлүк сатып алууга көнүштү. Үйдөн, окууга чейин келген жолду билет. Сабагы аяктаган Руслан азыр үйдү көздөй, ал эми Бексултан болсо дүкөнгө бет алды. 2014-жылдан бери баш-аягы 30га чукул адам курстан өттү. Билим алуу тренингдери акысыз. Эгер өз алдынча каражат таап же билим алам дегендер жолу көрсөтүлөт. Окуудан өтүүнү каалагандар (0773) 65 66 17 номерине кайрылса болот.