Жаңылыктар
Турак жай үчүн акчасынан айрылып, шылуундардын курмандыгына айлангандар
Кыргызстан жаңылыктары
Турак жай үчүн акчасынан айрылып,  шылуундардын курмандыгына айлангандар

Турак жай алуу үчүн алдын ала акчасын берип коюп куру жалак калган үлүшчүлөрдүн көйгөйү коомдогу социалдык маселеге айланды. Акыркы жылдары өлкөдө курулуш күч алды. Көп кабаттуу үй тургузган компаниялардын арасынан элдин чөнтөгүн кагып, алдап кеткен шылуундар кездешүүдө. Жогорку Кеңештин депутаттары шылуундардын курмандыгына айланган жарандарга жолугуп, маселени чечүү жолдорун талкуулашты. Зоя Хегай алданып калган жүздөгөн үлүшчүнүн бири. Ал жашачу көп кабаттуу үй жарым-жартылай тургузулган бойдон токтоп турат. Пенсионер 2015-жылы “Иска строй” курулуш компаниясы менен келишим түзүп, жашаган үйүн сатып, үлүшчү катары 35 миң долларын санап берген. Бир жылдан соң колдонууга берилет деген убада куру сөзгө айланып, кары адам көчөдө калган. 

Зоя Хегай азыр бала бакчада күн кечирүүдө.“Иска строй” компаниясынын жетекчиси Нарынбек Сариевге айып тагылып убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сот иштери аяктай элек. Бул адамга 100гө жакын адам алданган, эң азы 10 миң доллар, алды 40 миң долларга чейин төлөп коюшкан. Үмүтү өчкөн үлүшчүлөр кандай жол болбосун акчабыз кайтарылышы керек деген ниетте. Эл өкүлдөрү көчмө жыйын өткөрүп элдин арыз муңунан кабар алды. Айрым үлүшчүлөр үйгө киргенине карабай, колдонууга берилди деген тыянагы жок, толук шарт түзүлбөй маселе жаралган. 

Бирок бул жаатта келип чыккан көйгөйдү жөнгө сала турган тийиштүү мыйзам жок. Тиешелүү тармактык комитеттин депутаттары бышып жетилген көйгөйдү жолго салуунун үстүнөн иштеп жатканын билдиришти. Жакын арада мыйзам долбоору сунушталмакчы. Жарнамага ишенип же бал тилге кирип курулуш компаниясына акчасын кармата берип ара жолдо калган адамдын саны көп. Үлүш курулушун жакшылап жөнгө салган мыйзамдын жоктугу курулуш ээлери жоопкерчиликтен качуусуна жол ачууда. Арыз муңу эч кимге жетпей, ооруга чалдыккандар бар. Айласы кеткенде жанын кыям деген учурлар да болгон.