Жаңылыктар
Казакстанда катуу суукка байланыштуу айрым мектептерде окуу убактылуу токтотулду
Дүйнө
Казакстанда катуу суукка байланыштуу айрым мектептерде окуу убактылуу токтотулду

Түндүк Казакстан облусунда катуу суукка байланыштуу 22-январдан тартып мектептерде окуу убактылуу токтотулду. "Тengrinews.kz" билдиргендей, бул аймакта абанын ызгаары -30 градуска чейин төмөндөйт. 

«Казгидромет» мекемеси буга чейин 22-январдан 26-январга чейин өлкөнүн бир нече облусунда сууктун күчү күндүз -30-35 градуска, ал эми түнкүсүн - 40-45 градуска жетерин кабарлаган. 

11-январда Казакстандын бир нече регионунда катуу бороон болуп, жолдордо автоунаалардын кыймылына чектөө киргизилген. Астанада ошол күнү чукул кырдаал жарыяланган болчу.