Жаңылыктар
Ажылыкка каттоо башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Ажылыкка каттоо башталды

23-январдан тарта быйылкы ажы сапарына баруучуларды каттоо иши башталды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, каттоо жумуштары бир айга созулуп, 23-февраль күнү саат 17:00дө аяктайт. 

Ажылык сапарга бара тургандар жазылыш үчүн дин башкармалыгынын облустук, шаардык жана райондук өкүлчүлүктөрүнө кайрылса болот. 

Катталуу биометрикалык паспорт менен гана жүргүзүлөт. Эске салсак, Сауд Аравиясы 2018-жылы ажыга баруу үчүн кыргызстандыктарга 5400 орун бөлгөн. Бул өткөн жылга караганда 900 адамга көп.