Жаңылыктар
Ош шаарында бала асыроо үчүн 15 адам кезекте турат
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында бала асыроо үчүн 15 адам кезекте турат

Ош шаарында учурда бала асыроо максатында 15 адам кезекте турат. Өткөн жылы жалпы 34 бала асыроого берилген. Бул тууралуу Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөлүк балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева билдирди.

Анын айтымында, асыроого берилген 34 баланын алтоосу гана кароосуз калган.

«2017-жылы биз 40 адамга бала асырап алууга корутунду чыгарып бергенбиз. Анын ичинен 34 адамга соттун чечими чыгып, балдарды асырап алышты. Биз балдарды асыроого жашоо шартын, соттолбогонун, өнөкөт оорусу жок экенин текшергенден кийин макулдук беребиз. Бала асырап алуунун ар кандай түрлөрү бар. Айрымдары бир туугандарынын балдарын өзүнө өткөрүп алышат. Кээ бирлеринин ата-энеси эрте кайтыш болуп, туугандары багып алат. Ал эми кароосуз калган балдарды да асырап алууга болот.Былтыр асыроого берилген 34 баланын ичинен 6 бала кароосуз калган. Калгандары туугандарынын балдарын алышты», - деди Г.Раева.