Жаңылыктар
Базар-Коргон: уруксаты жок курулган газ куюучу жайлар иши тектешерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Базар-Коргон: уруксаты жок курулган газ куюучу жайлар иши тектешерилди

Базар-Коргон айыл өкмөтүндө жайгашкан газ куюучу жай адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратуу менен иштеп жатат. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жеке ишкер Т.Алибаев Бишкек–Ош унаа жолунун Базар-Коргон айыл өкмөтүндөгү тилкесинде эч кандай уруксат кагаздары жок, өрт коопсуздук талаптарын одоно бузуп, газ куюучу жай иштетип келген. Буга чейин аталган жай Мамэкотехинспекция тарабынан текшерүүгө алынып, олуттуу кемчиликтерден улам анын иши токтотулган. Бүгүнкү күндө ишкер Мамэкотехинспекциянын койгон талаптарына баш ийбей, ишмердүүлүгүн улантып жаткандыгы аныкталды. Ага байланыштуу тийиштүү кагаздар толтурулуп, чара көрүү үчүн материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматына өткөрүлдү.