Жаңылыктар
Жусуп Баласагынга 1000 жылдыгына карата көргөзмө ачылды
Маданият
Жусуп Баласагынга 1000 жылдыгына карата көргөзмө ачылды

Кыргыз мамлекеттик мемориалдык Михаил Фрунзенин үй-музейинде, улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган “Залкар ойчул Ж.Баласагынга 1000 жыл” аттуу көргөзмө ачылды. 

Көргөзмөдө Ж.Баласагындын өмүр-баяны, туулган жери, ото кылымдарга таандык архитектуралык-тарыхый эстеликтер жана анын белгилүү “Куттуу билим” чыгармасы туурасында маалыматтар камтылган сүрөттөр, документтер, журналдар жана китептер коюлган. 

Дүйнөлүк руханий маданияттын ири өкүлдөрүнүн бири Жусуп Баласагын, изилдөөлөргө караганда1015-жылы же 1016-жылы азыркы Токмок шаарынын түштүк тарабындагы Бурана эстелиги турган жерде - өз учурунда акындардын, окумуштуулардын, кол өнөрчүлөрдүн шаарына айланган Баласагын шаарында туулган. 

Мамлекеттүүлүктү жана элдин ынтымагын бекемдөө, кыргыз жарандарынын жаңы муунун патриоттуулукка жана адеп-ахлакка тарбиялоо үчүн ойчулдун омоктуу ойлору, ар бир адам үчүн табылгыс зор руханий байлык,-дейт тарыхчылар.