Жаңылыктар
Шашылыш билдирүү! Аба ырайы кескин төмөндөп, cуук -30 градуска чейин болот
Өзгөчө кырдаал
Шашылыш билдирүү! Аба ырайы кескин төмөндөп, cуук -30 градуска чейин болот

Кыргызстанда 26-январда абанын температурасы кескин төмөндөп, айрым аймактарда -30 градуска чейин суук болот. Аны Кыргызгидромет билдирет.

Ага ылайык, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -15…-20 градус, күндүз -10…-15 градус суук. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -9…-14 градус, күндүз 0…-5 градус суук болот. Ал эми Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -15…-20 градус, тоо этектеринде түнкүсүн -21…-26 градуска чейин суук болору күтүлөт. 

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30 градус суук болсо, күндүз -20 градуска чейин төмөндөйт. 

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -40 градуска чейин жетет. 27-29-январда абанын температурасы мындан да төмөндөп, Суусамырда -45 градуска чейин суук болот. Мындай суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.