Жаңылыктар
Мырзакул Мамбеталиев кесиптештерине ыраазычылыгын билдирет
УТРК жаңылыктары
Мырзакул Мамбеталиев кесиптештерине ыраазычылыгын билдирет

Урматтуу кесиптештер! Эчен жылдан бери эриш-аркак эмгектенип келе жаткан эже-агайларым, ини-карындаштарым, баарыңыздарга ден соолугума байланыштуу олуттуу жагдай түзүлүп калганда көрсөткөн моралдык дагы, материалдык дагы колдооңуздар  үчүн чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдирем... Башымды терең ийип, таазим кыламын!

Ошол ойго салган күндөрү үй бүлөм, жакын адамдарым менен бирге эле кесиптештеримдин колдоосу өзгөчө болгондугун бир сөз менен айтып, же жазып жеткире албайм. Жеке адамдын жеке маселесинде кайдыгер карабаган, ага чын дилинен, ниетинен жардам бергиси келген, кубаттап-колдогон КТРКдагы кесиптештеримдин бардыгына тилегеним жакшылык, бекем ден соолук! Сиздер менин урматтап-сыйлаган кесиптештеримдин эле эмес, жүрөктөштөрүм да болуп калдыңыздар... Бул мен үчүн баарынан кымбат.

Дагы бир белгилеп кете турган жагдай, жүрөккө жол ачып, дарылаган кесипкөй, билимдүү, тажрыйбалуу дарыгерлердин эмгегине өзүмдүн, үй бүлөмдүн, жакындарым менен жүздөгөн кесиптештеримдин атынан урматымды билдирип, дайыма алардын жашоосу бакубат, ден соолугу бекем болушун тилеймин. Дартка дабаа болгон колуңуздардан ондогон, жүздөгөн адамдардын өмүрү уланып, көңүлү кубанып турсун...

Терең урматтоо менен, Мырзакул Мамбеталиев