Жаңылыктар
Өлкө жетекчиси чехиялык делегацияны кабыл алды
Саясат
Өлкө жетекчиси чехиялык делегацияны кабыл алды

Кыргызстан демократиялык өлкөлөрдөн келген делегациялардын сапарына зор маани берет. Бул туурасында президент Алмазбек Атамбаев Чехия Парламентинин депутаттар палатасынын Төрагасы Ян Гамачек жетектеген делегацияны кабыл алган учурунда баса белгиледи.  

Өлкө жетекчиси Чехиялык депутаттардын бул жолку сапары эки өлкө ортосундагы алака-катыштардын өнүгүшүнө шарт түзөт деп үмүт артарын айтты. Президент Алмазбек Атамбаев эки элдин ортосундагы достук мамилелерге совет доорунда Кыргызстандын ата мекендик өнөр жайы калыптанып жаткан мезгилде бекем негиз салынганына токтолду. 

Өз кезегинде Чехия Парламентинин депутаттар палатасынын Төрагасы Ян Гамачек, бул иш сапар эки өлкө ортосунда ар кайсы тармакта алака-катышты жандандырарына ишенерин белгиледи. Ян Гамачек Кыргызстандын демократияны бекемдөө боюнча жетишкендиктерин баса белгилеп, региондо болуп көрбөгөндөй таза шайлоо өткөргөн бирден-бир өлкө экенин айтты. 

Европалык биримдик тарабынан Кыргызстанга «ВСП+» статусун берүү алдында соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө кыргыз-чехиялык Экинчи бизнес-форумдун мааниси баса белгиленди.