Жаңылыктар
Аймактарды өнүктүрүү - Президенттин көңүл борборунда
Кыргызстан жаңылыктары
Аймактарды өнүктүрүү - Президенттин көңүл борборунда

Аймактарды өнүктүрүүдө эң алгач тең салмактуулук орнотулуп, ар бир дубандын маселесине бирдей мамиле жасалышы керек. Мындай пикирин Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү өз алдынча башкаруу багытындагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун жыйынында билдирди.  Өлкө башчысы коюлган тапшырмаларды аткарууда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тиешелүү ыйгарым укуктар берилип, жоопкерчилик жүктөлүшү керектигин белгиледи. 

Жергиликтүү бийликтердин укук милдеттерине багытталган мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жумушчу топ бүгүн алгачкы жыйынына чогулду. Алгачкы жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков өзү катышууну чечкен. 39 адамдан турган жумушчу топ буга чейин өлкө башчысынын буйругуна ылайык түзүлгөн. 

Өлкө башчысы алгач мамлекетти өнүктүрүү үчүн аймактарды көтөрүү керек деген пикирин айтты. Ал айыл жеринде жетекчилик кызматтарда, кийин губернатор, премьер-министр болуп иштеп турганда жана президенттике талапкер катары Кыргызстандын булуң-бурчун кыдырып, бардык көйгөйлөрдү өз көзү менен көргөн. Андыктан аймактар жылын жарыялоого кандай себептер негиз болгонун айтып берди. 

Регионалдык айырмачылык сакталып жатканына байланыштуу өлкөдө миграциянын агымы күчөгөн. Келгендердин көбү Бишкек менен Чүй дубанына отурукташууда. Аймактардан элдин көчүп кетүүсү жер жерлерде эмгек ресурстарынын жетишсиздигин жаратып, аймактардын потенциалын азайтууда. Андыктан президент жумушчу топ көңүл бурчу 7 багыттан турган тапшырмага токтолду. 

Жыйындын жүрүшүндө адистер аймактарды өнүктүрүү, анын ичинен жергиликтүү бийлик органдарынын ыйгарым укуктарын бекемдөө боюнча баяндама жасашты. Анда мамлекеттик жана муниципалдык башкарууну уюштурууда системдүү мамиле жасоо, өлкөнүн бардык аймактарынын динамикалык өнүгүүсүн камсыздоо жана мамлекеттик бийлик менен жергиликтүү коомчулуктун өз ара байланышын бекемдөө боюнча пикир алышуулар болду.

Жумушчу топ 2018-жылдын 1-майынан кечиктирбестен аймактарды башкарууда жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин олуттуу күчөтүү боюнча тиешелүү мыйзамдарды өзгөртүү сунуштарды иштеп чыгышы керек. Буйруктун аткарылышы президенттин жеке көзөмөлүндө болмокчу.