Жаңылыктар
Араван районунун тургундары таза суу менен камсыз болот
Кыргызстан жаңылыктары
Араван районунун тургундары таза суу менен камсыз болот

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн тургундары жакында таза суу менен камсыз болот. Айыл өкмөт Дүйнөлүк банк жана Ислам өнүктүрүү банкы каржылаган “Ала-Тоо булагы” программасынын тизмесине киргизилди.  Аймакка таза суу ташып келүү долбоору эмитен иштелип баштап, июль айына бүтүрүү пландалды.

Гүлбаар айылынын тургундары 30 жылдан бери арыктан суу ичишет. Союз таркаган соң, суу түтүктөрү да каралбай калган. Таза суу он миңден ашык элдин арманына айланды да, калды. 

Арыктагы суу кир жана ден соолук үчүн кооптуу. Бирок, жергиликтүүлөр ушул суунун барына да шүгүр дешет. Кээде ылайлап аккан сууга да зар болуп калышат. Анткени, арыктагы суу да мезгил-мезгили менен келет. Дагы 2 айдан кийин арыктагы суу кургайт. Суу арманы мына ошондо башталат. 

Таза суунун жоктугунан социалдык объекттер да жабыр тартып келишет. Мындан үч жыл мурда ачылган “Гүлбаар” бала бакчасында 90дон ашык бала тарбияланат. Бакчадагы балдар да арыктын суусун ичишет.

Элдин үнүн уккандар Гүлбаарлыктардын көксөгөн таза суу маселесин чечип бермей болушту. Айыл өкмөт “Ала-Тоо булагы” долбоорунун тизмесине илинди. Жергиликтүү бийликтин айтымында, суу долбоору эмитен иштелип баштаган. 

Болгондо да, суу тартып келүү системасынын мурункудан да жакшысы коюлат экен. Мисалы, мурда суу түтүгү ар бир көчөгө киргизилсе, эми ар бир короого кирмей болуп турат. Андан сырткары, жаңы долбоор аймактын экономикасын көтөрүүгө да өбөлгө түзмөкчү.