Жаңылыктар
Аксынын кара өрүгү Европага экспорттоло баштайт
Кыргызстан жаңылыктары
Аксынын кара өрүгү Европага экспорттоло баштайт

Аксы районунун кургатылган кара өрүгү эми Европага чейин жогорку баада экспорттоло баштайт. Буга 2017- жылы Германиянын Нюрнберг шаарында болуп өткөн, Бүткүл дүйнөлүк органикалык продукция жарманкеси себеп болгон. Кара өрүктүн органикалык тазалыгына кызыкдар болгон Германиялык кардарлар, быйыл 500 тоннага чейин кургатылган кара өрүктү сатып алууну көздөп жатышат.

Бирок кардар какты сатып алгандан мурун бир нече эреже талаптарды койгон. Органикалык таза жол менен өндүрүлүп жаткан кара өрүктү атайын өзүнүн эрежеси менен кургатууну талап кылган. Башканча айтканда, кургатуучу цехтер санитардык талаптарга жооп бере турган болушу керек. Ал эми колдо жасалап, буга чейин кургатылып келген цехтер андай талаптарга жооп бербейт.

Өткөн жылы Жерге-Тал айыл аймагындагы иштеп турган 3 цехке 900 миң сом акча бөлүп берип, цехти кайрадан жасап чыгышкан.

Ишкерлердин айтымында, акыркы жылдары кара өрүктүн кагына суроо талап азайып, баасы 40-50 сомго чейин түшүп кеткен учурлар болгон. Азыркы учурда 1 кило кактын баасы 70 сомго чыккан. Ал эми адистер кактын баасын дагы да көтөрүү аракеттери болуп жатканын айтат.

Кара өрүк аксылыктардын көбү үчүн үй-бүлөлүк киреше булагына айланган. Жылына район боюнча 15 миң тоннадан ашык кара өрүк бышат. Дыйкандар анын 30 пайызын гана кургатып үлгүрүшөт. Буга чейин дыйкандар кургатылган какты Тажикстанга өткөрүп келишкен.