Чехия Кыргызстанга 180 миллион доллардан ашык инвестиция салат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн "Кыргызстан-Чехия. Кызматташтыктын жаңы жолдору", - деп аталган бизнес форумда айтылды.
Иш-чарага Чехия парламентинин депутаттар палатасынын төрагасы баштаган делегация катышты. Анын курамында аталган мамлекеттин ишкерлери да бар. Кыргыз тараптан да бизнес-структуранын өкүлдөру чакырылып, көзмө-көз жолугушуу форматында өттү.
Тагыраагы, тараптар экономикалык кызматташтык боюнча бетме-бет отуруп сүйлөшүп, өнөктөш болуу боюнча пикир алмашты. Натыйжада, кыргыз тарап Чехиядан технологияларды алууга кызыкдар экенин билдирди. Өз кезегинде чехтер ЕАЭБ алкагында кызматташууга кызыгып жатканы белгилүү болду.