Жаңылыктар
Астанада үшүк алып ооруканага кайрылгандардын саны 30га жетти
Дүйнө
Астанада үшүк алып ооруканага кайрылгандардын саны 30га жетти

Астана шаарында үшүк алып ооруканага кайрылгандар 30га жетти. Аны өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Казакстанда айрым аймактарда аба ырайы -38 градуска төмөндөдү. 

Казгидромет 26-январга чейин өлкөнүн айрым жерлеринде сууктун күчү күндүз -35, түнкүсүн -45 градуска чейин жетет деп билдирүүдө. 

Ызгаардан улам Астана, Костанай шаарларында, Түндүк Казакстан, Чыгыш Казакстан, Павлодар жана Караганды облустарында бала бакча, мектептер убактылуу жабылды.