Жаңылыктар
Ошто 4 жашар наристе кабат үйдөн кулап каза болду
Кырсык
Ошто 4 жашар наристе кабат үйдөн кулап каза болду

Оштун Кулатов кичи районундагы үйлөрдүн биринде 4 жашар бала кулап кетип, каза тапты. Аны Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы тастыктады. 

2013-жылы төрөлгөн наристе 5-кабаттан кулап кеткен. Ооруканага алып барган соң ошол жерден жан берген. 

Маалыматтарга караганда, набыт болгон бала үйүндө жалгыз калып, апасы башка баласын бала бакчадан алганы кеткен учурда кырсыкка учураган.