Жаңылыктар
Нарында карышкырдын малга кол салуусу күч алууда
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында карышкырдын малга кол салуусу күч алууда

Нарында карышкырдын малга кол салуусу күч алып жатат. Жырткычтардын малга кол салып, фермерлерге келтирген зыяны 10 миллион сомго жетти. Буларды ооздуктоо үчүн азыр Нарын облусунда мергенчилердин 14 ыктыярдуу тобу түзүлүп, иштеп жатышат. 


Күнү-түнү жырткычтардын изин кууган бул аңчылар тобу Нарындын Оттук айылынан. Көк-жалдар талаадагы малдан баштап, атүгүл короодогу койлорго чейин түшүп, жеп кетип жатат. Оңой менен карматпаган жыргычкычтарды атуу көп эмгекти талап кылат. 


Мергенчилердин куралдарынын тийиштүү уруксаат кагаздары бар. Бирок ок-дары менен карышкырды кубалаган аттарынын жем чөбү маселе жаратып жатат. Мурда жергиликтүү бийлик көк-жалдардын санын азайткандарга көмөк көрсөтүп келсе, азыр булардын акыбалын сураган бирөө да жок.

Ал эми аймактык аңчылар департаменти карышкырлардын санын азайтуу үчүн 14 ыктыярчы мергенчинин тобун түзгөн. Жыл башынын бери 29 карышкыр 7 чөө атылды. Сыйлык болсо азырынча бериле элек.

Буга чейин карышкырды аткан мергенчиге алты миң сом сыйлык берилип, терисине эн басып, кайра колуна карматчу. Бирок өкмөттүн буйругуна ылайык терисин милдеттүү түрдө тапшырып калышкан. Ошол себептен улам азыр департаментке тапшыргандардын саны азайыптыр.