Жаңылыктар
Өлкөгө жылына ондогон миллион долларлык тамеки товарлары импорттолот
Экономика
Өлкөгө жылына ондогон миллион долларлык тамеки товарлары импорттолот

Мамлекеттик Бажы кызматынын маалыматында, Кыргызстанга ар жылы ондогон миллион долларлык тамеки товарлары импорттолот. Ошол эле учурда өлкөдө тамеки өндүрүүнүн көлөмү да бир топ төмөндөп кеткен.

Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылы Кыргызстанда тамеки товарларына болгон акциздер 24 пайызга өскөн. 2022-жылга чейин Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына ылайык, тамекинин баасы дагы өсөт.

Серепчилердин пикиринде, жакынкы 20 жылда тамеки талааларынын аянтын кеңейтүүгө канча аракет кылбайлы, жемишин бербеши мүмкүн. Анткени, тамеки жарандардын чөнтөгүнө ылайыктуу баада келүүдө, андан сырткары чылым чегүүгө каршы күрөш күчөп турган мезгил.