Жаңылыктар
Кыргызстанда дайынсыз жоголгондордун саны арбын
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда дайынсыз жоголгондордун саны арбын

Кыргызстанда чоң киши же өспүрүмдөр менен катар эле жаш балдарга да маал-маалы менен издөө жарыяланып турат. Алардын айрымдары эле кайра табылганы болбосо, канча жылдан бери дайынсыз болгондору арбын. 

Арадан көп жылдар өтсө да өз атасын издеп таппай жаткан Алтынбек аттуу өспүрүм, бардык тарапка кайрыла берип эч жыйынтык жок болуп жаткандыктан, үзүлбөгөн үмүт менен "Ала-Тоо 24" каналынан жардам сурап келген. 

Үмүтсүз шайтан деп эл арасында айтылгандай, адам - бир гана үмүт деген нерсе менен эртең же бир учурда жарк этип табылып калар деп алаксып келет. Табылып калар деп үмүтүн үзгүсү келбегендер жоголгондорду издөөгө өзгөчө көңүл бурулуп, кандайдыр бир уюм түзүлсө дешет. Адистердин баамында укук коргоо органдары жоголгондордун саны бир калыпта деп жооткоткону менен өзгөчө жаш балдардын жоголуусу көбөйүүдө.