Жаңылыктар
Президент этностор аралык мамилелерди өркүндөтүү иштерин улантууга чакырды
Саясат
Президент этностор аралык мамилелерди өркүндөтүү иштерин улантууга чакырды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиевди кабыл алды. Анда аймактарды өнүктүрүү, анын алкагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн укук милдеттерин кеңейтүү боюнча маселе талкууга алынып, мамлекеттик агенттиктин бул жатта аткара турган иштери белгиленди. 

Жумушчу топтун жыйынынан кийин Президент Сооронбай Жээнбеков облус жетекчилерин кабыл алып, аймактарды өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу багыттар талкууланды. Ыйгарым укуктуу өкүлдөр дубандагы көйгөйлүү маселелердин бардыгынан кабардар, андыктан өлкө башчы алардан аймактарды өнүктүрүү боюнча конкреттүү сунуштарды күтөрүн айтты.