Жаңылыктар
Адистер сасык тумоо оорусунан сактанууга чакырат
Ден соолук
Адистер  сасык тумоо оорусунан сактанууга чакырат

Анамалдуу сууктун келишине байланыштуу, адистер  сасык тумоо оорусунан сактанууга чакырат. Анткени Кыргызстанда сасык тумоого кабылгандардын саны өскөнү байкалууда. Ооруларды алдын алуу жана санэпидем көзөмөл департаментинин маалыматында, өтүп кеткен 1 жумада медиктерге кайрылгандар дээрлик 19,5 пайызга көбөйдү.

Ага карабай, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул эле мезгилине карата 2 эсе аз бойдон калууда. Бирок адистер инфекциялык ооруларга  калбаш үчүн жылуу кийинип убагында тамактанууга чакырышат. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. 

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"