Жаңылыктар
Кыргызстанда асыл тукум малды көбөйтүү аракеттери көрүлүүдө
Айыл чарба
Кыргызстанда асыл тукум малды көбөйтүү аракеттери көрүлүүдө

Кыргызстанда асыл-тукумдуу эт, сүт багытындагы ири мүйүздүү малдарды көбөйтүү зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев Чүй облусундагы Жал айылындагы "Элита" асыл тукум станциясынын ишмердүүлүгү менен таанышуу учурунда билдирди. Аталган мамлекеттик мекеме совет мезгилинен бери каралбай, тонолуп кеткен. Эми кайрадан жасалма уруктандыруу борборун жандандыруу аракети жүрүп баштады. 

Чарбада Америкадан алынып келинген букалар багылып, андан бир жылда 20 миңге чейин эт, сүт багытындагы уруктар алынууда. Болгону мамлекеттен каржылык колдоо керек дейт мекеме жетекчиси. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Cүймөнкүл Идирисов, "Биринчи радио"