Жаңылыктар
Токмок шаарында балык чарбалары сууну мыйзамсыз буруп алышкан
Кыргызстан жаңылыктары
Токмок шаарында балык чарбалары сууну мыйзамсыз буруп алышкан

Токмок шаарынын айрым тургундары дренаждык курумдардан өтүүчү сууну менчик жер тилкелерине буруп, өз билемдик менен балык чарбаларын куруп алышкан. Тагыраак айтканда, Токмок шаарынын  О. Дунларова аттуу тургуну Токмоктун токой чарбасынан туристик эс алуучу жай багытында ижарага алган жерге, балык чарбасын куруп алган. Аталган жарандар балык кармоочу жайдын тегерек четин тосуп, суу өтүүчү коллектордун нугун бурушкан. 

Натыйжада жер астынан чыккан суу коллектор менен кетпей калган. Мамэкотехинспекциянын инспекторлору эс алуу жайына багытталган жерди балык чарбачылыгына айлантып алган О. Дунларов  аттуу жаранга эскертүү берилди. Ошондой эле, жер тилкелерин ижарага берип жаткан Токмок шаарынын токой чарбасынын адистерине, берилген жердин максаттуу пайдаланылбай жаткандыгына байланыштуу көрсөтмө берилди. Себеби, аталган шаарда жер алдынан суулардын чыгуу маселеси бир топ жылдан бери олуттуу көйгөй жаратып келет. Буга байланыштуу жер алдынан чыгып жаткан сууларды шаардын сыртына чыгарып туруучу атайын дренаждарды жыл сайын тазалап туруу зарыл. Тазалоо иштерин жана дренаждык коллекторду көзөмөлдөөнү Токмок шаарыны мэриясы жүргүзүүсү шарт. Андыктан буга окшогон көрүнүштөрдү текшерүүгө алып көзөмөлдү күчөтүү боюнча жергиликтүү бийликтин милдетин күчтөндүрүү тапшырмасын Мамэкотехинспекция койду. Ошондой эле, Токмок шаарында жайгашкан балык чарба ээлери тарабынан коюлган талаптар берилген мөөнөттө аткарылбаса, укук коргоо органдарына иштери өткөрүлүп, тийиштүү чаралар көрүлөт.