Жаңылыктар
Тарыхка так салган "Үркүн" окуясы
Кыргызстан жаңылыктары
Тарыхка так салган "Үркүн" окуясы

1916-жылкы окуя кыргыз тарыхында эч качан унутулбашы керек. Мындай пикирлер бүгүн Үркүн боюнча учурдагы көз караштар жана анын тарыхый мааниси аттуу талкуунун жүрүшүндө айтылды.

Тарыхый маалыматтарга караганда, 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук-боштондук көтөрүлүшүндө орус падышачылыгынын жазалоочу отрядынан 200 миңден ашуун адам курман болгон. Расмий эмес маалыматтарда мындан эки эсе адам кырылганы айтылып жүрөт. 

Быйыл Үркүндүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында август-сентябрь айларында Ата-Бейитте Үркүн окуясына арналган мемориалдык комплекстин ачылышы болот. 

Мындан сырткары университеттерде, Илимдер академиясында илимий-практикалык конференциялар уюштурулуп, тарыхый маалыматтарды камтыган китептер басылып чыгат. Айрым коомдук ишмерлер бийлик тарабынан 100 жыл мурдагы болгон кандуу коогалаңга тиешелүү баа берилбей келатканын белгилешүүдө.