Казакстанда Кыргызстандын жарандары бара жаткан автобус тоңуп калды. Екатеринбург - Алматы чоң жолунда от албай ара жолдо калган автобустагы Кыргызстандын 21 жараны эвакуацияланды. Бул тууралуу «Казинформ» билдирет.
Маалыматка караганда, Россияга сапар тарткан автобус Жалал-Абад - Пермь - Москва багыты менен кетип бара жаткан. Жабыркагандар жок экени айтылууда.