Жаңылыктар
Аба ырайына байланыштуу мектептерде окуу 30-январга чейин токтотулат
Кыргызстан жаңылыктары
Аба ырайына байланыштуу мектептерде окуу 30-январга чейин токтотулат

Аба ырайына байланыштуу 26-январдан тарта өлкөдөгү мектептерде окуу процесси убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. 

Министр Гүлмира Кудайбердиеванын буйругу менен 5 күндүк тартип менен окуган мектептерде 26-29-30-январь күндөрү окуу болбойт. Ал эми аптасына 6 күн окуткан мектептер 26-30-январга чейин жабылат. Ведомство белгилегендей, аптасына 5 күн окуган мектептер окуу программаларын ишемби күндөрдүн эсебинен, ал эми 6 күндүк окуу менен окугандар жазгы каникул эсебинен толукталат.