Жаңылыктар
Кыргыз радиосунда жаңы оюн-зоок "Эргиме" долбоору ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз радиосунда жаңы оюн-зоок "Эргиме" долбоору ачылды

Кыргыз радиосунун түз эфиринде "Эргиме" музыкалык оюн-зоок программасы старт алды. Бүгүн бизде Маданияттын мыкты кызматкери обончу жана аткаруучу Максат Кулуев болдк. Мындан тышкары Билим берүүнүн мыктысы, Маданияттын мыкты кызматкери ырчы Фарида Өмүрзакова да бар. Маданияттын мыкты кызматкери Рустам Сагыналиев жана Гүлнара Раймалиевалар таймашышты. Дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 17:30дан 19:00гө чейн Кыргыз радиосунан бул уктурууну уксаңыз болот.

Уктуруунун бул чыгарылышын ютуб каналдан көрө аласыздар.


КР эмгек сиңирген артисти Тилек Найманбаев, А. Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрынын солисттери Айзирек Момунова жана Бакыт Алмабековдор бүгүнкү "Эргиме" музыкалык оюн-зоок программасында таймашышты.

"Эргиме" музыкалык оюн-зоок программасы

Добуштар: 0312 656610, 656704 жана Whatsapp: 0554 002069 сандарынан кабыл алабыз. Биз менен бирге болуңуздар!