Жаңылыктар
Бишкекте 18 жаштагы кызды унаа сүзүп кетти
Кырсык
Бишкекте 18 жаштагы кызды унаа сүзүп кетти

Бишкек шаарындагы Турусбеков менен Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишинде жаш кызды унаа сүзүп кетти. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымдалгандай, окуя бүгүн, 25-январда саат 11:30 чамасында болгон.

«Ауди 100» унаасы сүзгөн жабырлануучу — 2000-жылы туулган Ы.А. ооруканага жеткирилди. Айдоочу текшерүүө алынып, ошол учурда мас абалда болгону аныкталган. Ал эми, жол кырсыкка дипломаттык номуру бар унаа катышкандыгы тууралуу маалыматты ИИМ жокко чыгарды. Аталган унаа айып жайга токтотулуп, тактоо иштери улантылып жатат.