Жаңылыктар
Кыргызстанда хорсбол боюнча эл аралык турнир өттү
Спорт
Кыргызстанда хорсбол боюнча эл аралык турнир өттү

Бүгүн Токтогулдун алты командасы француздар менен беттешип өз ара күч сынашты. Бүгүнкү жеңишке "Биримдик" командасы чыкты. 

Белгилей кетсек хорсбол чемпионаты Кыргызстанда экинчи жолу өттүдө, биринчи турнир былтыркы жылдын февраль айында болгон. Калыстар мүчөсүнө Кыргызстандан жана Франциядан да калыстар болду. Турнирдин атайын коногу Кыргызстандагы Франциянын элчилиги Микаэль Ру өзүнүн жубайы менен болушту.

Хорсбол Францияга таандык оюн, “хорс-бол” деген, “ат үстүндө баскетбол” дегенди түшүндүрөт. Хорсбол 30 жыл мурун Францияда пайда болгон. Хорсбол оюну өзү баскетбол жана регби элементтерин айкалыштырат. Франциядан кийин хорсбол Улуу Британияда белгилүү боло баштаган, андан кийин бүткүл дүйнөгө жайылды.

Кыргызстандын хорсбол федерациясынын президенти Мунарбек Кулданбаев, Кыргызстандын командасы жакшы жыйынтыктарды көрсөтүүдө деп белгилеп кетти.

Бүгүнкү таймашта Кыргызстандын курама командасы 5:4 эсеби менен утуп чыкты.