Жаңылыктар
Гамачек: демократиялуу жол менен өнүгүүгө багыт алган өлкөгө келгениме кубанычтамын
Саясат
Гамачек: демократиялуу жол менен өнүгүүгө багыт алган өлкөгө келгениме кубанычтамын

Күндүн экинчи жарымында Чехия Республикасынын Депутаттар палатасынын Төрагасы Ян Гамачек баштаган парламенттик делегация кыргыз  депутаттары менен жолугуп пикир алышты. Андан соң  биргелешкен билдирүүгө кол коюлду. Эки өлкөнүн  Праламент төрагалары ошондой  эле  дүйнөдөгү  олуттуу жана маанилүү болгон саясий окуялар боюнча журналисттердин берген суролоруна жооп беришти.

Өлкөгө расмий иш сапар менен келген Чехия Республикасынын Депутаттар палатасынын төрагасы Ян Гамачек  баш болгон парламенттик делегация Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков баштаган депутаттык топ менен жолукту.  Анын жүрүшүндө  эки өлкөнүн  депутаттары  маанилүү маселелерди талкуулап,   жыйынтыгында эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө багытталган Биргелешкен билдирүүгө кол коюлду. Асылбек Жээнбековдун айтуусунда, бул жолугушуу  жана пикир алышуу  эки өлкө ортосундагы ишкердик байланыштарды чыңдоого, экономикалык кызматташуу багыттарын кеңейтүүгө жол ачат.

Жээнбеков: Бул жогорку даражадагы  парламенттик биринчи расмий визит болуп  саналат. Чехиянын парламентинни төрагасы өзү эле келбестен, алдыңкы адамдарды алып келишти. 

Өз кезегинде Чехиянын Депутаттар палатасынын төрагасы Ян Гамачек эки тараптуу парламенттик кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгына токтолду.

Гамачек: мен демократиялык  жол менен өнүгүүгө багыт алган  туруктуу  өлкөгө келгениме кубанычтамын.  Мен президент   жана  парламенттин төрагасы менен  жолугушууда   Евробиримдик  жана Чехия  өлкөсү   Кыргызстан тандап алган жолго  кандай  жардам көрсөтө  алары тууралуу сүйлөштүк.  Мен Евробиримдиктин башка мамлекеттеринин да  Кыргызстанга колдоо көрсөтүп келишсе деген ойду айткым келет. 

Ошондой эле  спикер чехия тарап  Кыргызстанга   чакан ГЭСтерди курууга  кызыкдар болуп жаткандыгын жана  бул боюнча  алдын ала макулдашуулар түзүлгөндүгүн белгиледи.

Орусияга каршы санкциялар жокко чыгарылса жакшы болмок деген оюн  Чехиянын парламентинин төрагасы Ян Гамачек журналисттердин суроолоруна  жооп берип жатып билдирди.   Анын айтуусунда, Орусияга каршы санкциялар Сириядагы окуяларга байланыштуу эмес,  ал Украинадагы жана Крымдагы окуялардан улам салынган.

Гамачек: менин оюм боюнча, Орусияга каршы санкциялар  жокко чыгарылса жакшы болмок. Бирок орус тарап Минск келишимдеринде камтылган  милдеттерди аткармайынча, бул санкциялар жокко чыгарылбайт. Тилекке каршы,  аталган милдеттер аткарылбай, Украинада кырдаал басылбай жатат.  Ошондуктан, мен Орусияга каршы санкциялардын жакын арада жокко чыгарылышын  көрбөй турам.

Ал эми  Россия аскерлеринин Сириядан чыгарылышына көз карашыңыз кандай деген суроого төрага Асылбек Жээнбеков мындай жооп берди.

Сириядан аскерлердин  чыгарылышына  мен оң баамды берем.  Кандай гана чыр-чатак болбосун ал сүйлөшүү  жолу менен чечилет. Ал канчалык эрте болсо, жер шары үчүн  да Сириянын  эли  үчүн да жакшы болот.  Ок атууну токтотуу боюнча   жакшы жылыштар бар.  Бардыгы тең тынчтык жолу менен чечилиш керек. 

Кошумчалай кетсек, чех парламентинин делегациясы  эртең 17-мартта   бир катар жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташуулар  боюнча пикир алышат.  Мындан тышкары, кыргыз-чех бизнес-форумуна   жана   Кыргызстандагы «Интергельпо» чех кооперативинин уюшулганынын 90 жылдыгына арналган көргөзмөгө катышат.

Гүлбүбү Усенова, БИРИНЧИ РАДИО