Жаңылыктар
Алдыда күтүлгөн ызгардуу суукка кандай чаралар көрүлүүдө?
Өзгөчө кырдаал
Алдыда күтүлгөн ызгардуу суукка кандай чаралар көрүлүүдө?

Алдыда күтүлүп жаткан суук аба ырайынан келип чыкчы кесепеттерди жою жана аларды алдын алуу иштери. Бул маселелер Президент Сооронбай Жээнбеков өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алганда талкууланды. Өлкө башчысына мындан тышкары жазында мүмкүн боло турган суу ташкындары, сел жана жер көчкүнүн кесепетин жою маселелери талкууланды.



Президент Сооронбай Жээнбеков Өзгөчө кырдаалдар министрин кабыл алып, алдыдагы суук аба ырайына байланыштуу мүмкүн болчу өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу маселеси талкууланды. Өлкө башчысы аба ырайынын кандай гана шарты болбосун ашууларда, алыскы тоолуу аймактарда жана өлкөнүн негизги жолдорундагы абал министрликтин көзөмөлүндө болушу керектигин белгиледи.

Улуттук электр тармактары ишканасынын маалыматына караганда, акыркы күндөрү өлкөнүн түндүк аймактарында электр энергиясын керектөө 5 пайызга чейин көбөйдү. Бирок ишкана катуу суукка карата жабдыктарын даярдап койгон.

 


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ашууларда, стратегиялык трассалардын айрым жерлеринде жылытуучу бөлүмдөрдү ачышты. Жол чекелеринде кырсык болгон учурда кайрылууга куткаруучу кызматтардын даректери, телефон номурлары жана жайгашкан жердин шарттары тууралуу маалымат такталары илинген. Адистер зарыл иш, олуттуу көйгөй болбосо алыс жолго чыгуудан карманууну сунушташууда. 



Чектен чыккан суук болсо киши 30 мүнөттөн ашык эшикте жүрбөшү керек. Мындай күндөрү эртең менен башты жуубаш керек. Анан да катуу үшүп же ооруга чалдыкса өз алдынча дарылануу да кесепетин тийгизет, дароо дарыгерге кайрылуу кажет.