Жаңылыктар
Ноокен районунун Момбеков айыл аймагы көгүлтүр от менен камсыз болду
Кыргызстан жаңылыктары
Ноокен районунун Момбеков айыл аймагы көгүлтүр от менен камсыз болду

Ноокен районунун Момбеков айыл аймагынын 240 үй-бүлөсү көгүлтүр от менен камсыз болду. 26 жыл мурун өчүп, берилбей токтоп калган газдын кайрадан берилиши айыл элин кубандырды. 

Жаратылыш газы ушул эле Коммунизм участкасынын 10 көчөсүнө тартылып, жалпы Момбеков айыл аймагы боюнча 240 үй-бүлөгө жеткен. Акысына көгүлтүр от менен камсыз болгон ар бир үй-бүлө 15 миң сомдон акча чогултуп, газ түтүкчөсүн алып беришкен.

Жалпы 12 чакырым газ түтүкчөсүн куруу иштерин “Кыргызнефтегаз” ишканасы бүтүргөн. Кочкорбай Амадалиевдин айтымында, мындан 26 жыл мурун Момбеков айыл аймагынын Коммунизм участкасына газ берилип турган. Бирок болгону 150 гана үй-бүлөгө.

Адистердин айтымында, үстүбүздөгү жылы ушул эле Могол айыл аймагынын 300 үй-бүлөсүнө жаратылыш газы жеткирилет. Учурда долбоорлоо иштери жүрүп жатыптыр.