Жаңылыктар
Жол кырсыктарына күнөөлү болгон айдоочуларга жоопкерчилик күчөтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Жол кырсыктарына күнөөлү болгон айдоочуларга жоопкерчилик күчөтүлөт

Президент Сооронбай Жээнбеков кылмыш жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Ага ылайык, мындан ары жол кырсыктарына күнөөлү болгон айдоочуларга жоопкерчилик күчөтүлөт. Бул эбак бышып жетилген маселени чечүү жолдорунун бири катары эсептелүүдө.

Адам өмүрү көп кыйылган жол кырсыктын көбөйүшү өлкөдөгү башкы маселенин бирине айланды. Күнөөлүү болгон айдоочу жабыркаган тарап менен жең ичинен сүйлөшүп, атүгүл иши сотко өткөнүнө карабай тосмо арыз жаздырып, адам кунун акчага баалап кутулуп кеткен учурлар көп. Депутат Дастан Бекешов терс көрүнүштү жоюу максатында мыйзамга оңдоп-түзөө киргизип, ал кабыл алынды.

Эми мыйзам күчүнө кирсе күнөөлүү адам мурункудай мыйзамдагы жылчыктан пайдаланып жазадан кача албай калат. Жаңы мыйзамда жаза кыйла катаал жазылган.

Узаган жылы эле 6 миңден көп жол кырсыгы катталып, миңге чукул адам набыт кетти. Жаракат алгандары 10 миңге жетет. Жарандар күнөлүү адам жазасын алышы керек деп эсептейт. Адамды коюп кетип, жардам бербей качып кеткендер да көп кездешет. Эгер андай учур катталса айдоочу кызматына, тааныш билишине карабай түз эле темир торго камалат.