Жаңылыктар
Жол курууда каржылык мыйзам бузулганбы?
Коррупция
Жол курууда каржылык мыйзам бузулганбы?

Башкы прокуратура жол куруудагы каржылык мыйзам бузуулар боюнча материалдарды карап жатат. Көзөмөл органга аларды Эсептөө палатасы өткөрүп берген.


Андагы маалыматтарда 2016-жылы Транспорт жана жолдор министрлиги 235 миллион сомдук каржылык мыйзам бузууларга жол бергени айтылат. Министрлик болсо буга жооп катары өз жүйөсүн келтирүүдө.

Эсептөө палатасы бул каржылык мыйзам бузуулар 2016-жылы болгонун билдирүүдө. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы мындан бир ай мурда чыгарылган.


Маселен Балыкчы-Корумду жолун курууда долбоордо каралган сульфатка туруктуу цементтин ордуна жөнөкөй цемент колдонулган. Эсептөө палатасы мындан башка да алешемдиктер бар экенин билдирет. Транспорт жана жолдор министрлиги аларга жүйөлүү себептер негиз болгонун жана каталарын жоюу боюнча курулуш ишканалары менен сүйлөшүүлөр жүргөнүн билдирет.

Башкы прокуратура Эсептөө палатасы өткөрүп берген материалдар каралып жатканын кабарлады. 2016-жылы аткарылган иштердин жыйынтыгына укуктук баа берилет.