Жаңылыктар
С.Исаков Дүйнөлүк экономикалык форумда ири ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
Экономика
С.Исаков Дүйнөлүк экономикалык форумда  ири ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Швейцариянын Давосунда өтүп жаткан Дүйнөлүк экономикалык форум Кыргызстанга экономикасы күчтүү мамлекеттер жана эл аралык компаниялар менен байланыш түзүүгө мыкты аянтча болуп берди. 

Ага форум өз ишин башталгандан бери Премьер-министр Сапар Исаковдун дүйнөлүк ири компаниялардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жана Швейцария, Индия, Орусия, Эстония, Грузия мамлекеттеринин жогорку жетекчилери менен көзмө-көз сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү далил.

Шейшембиде Швейцариянын Давосунда Дүйнөлүк экономикалык форум эшигин ачты. Бул жолку сессия “бөлүнүп жаткан дүйнөнүн жалпы келечегин түзүү” чакырыгынын алдында өтүүдө.

Форумдун ишине үч миң делегат катышууда алардын катарында премьер-министр Сапар Исаков жетектеген Кыргызстандын делегациясы да бар. 

Белгилей кетүүчү жагы Кыргызстан соңку 20 жылдан бери Дүйнөлүк экономикалык форумдун ишине алгачкы жолу катышып жатат.


Биринчи жолу катышып жатканына карабай өкмөт башчы Дүйнөлүк экономикалык форумдун эки сессиясында сөз сүйлөгөнгө жетишти. Анда Кыргызстандын экономикалык абалы, аны өргө тартып жаткан аракеттер, өлкөдөгү санариптештирүүгө багыт алган “Таза Коом” программасы анын алкагында “Акылдуу шаар” долбоорун жүзөгө ашыруу тууралуу маалыматтарды берди.