Жаңылыктар
Россияда жарандык алган чет өлкөлүктөрдүн документтери текшериле баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Россияда жарандык алган чет өлкөлүктөрдүн документтери текшериле баштады

Ушул тапта Орусияда жарандык алган чет өлкөлүктөрдүн документтери текшериле баштады. Мындай көрүнүш адатта 2-3 жыл сайын кайталанып турат.

Натыйжада Орусиянын жарандыгын кайсы бир ортомчулар аркылуу алган Кыргызстандык мигранттардын паспорттору мыйзамсыз болуп чыккан учурлар кездешүүдө. 


Ушул тапта маалымат айдыңында талкууга алынып жаткан, Орусиянын жарандыгын алган кыргыз мигранттарынын абалы жайында. Жарандыкты ортомчулар аркылуу алган кыргызстандык мигранттардын орус паспорттору мыйзамсыз болуп чыккан учурлар бар болгону менен бирин-экин гана.

Асылбек Акишев Орусияда 8 жыл жашап келген. Ал учурда жубайы экөө тең, Орусиянын жарандыгын алып, 2 баласы ошол жактан төрөлгөн. Айтымында башка өлкөдөн келген мигранттардын жарандыгын маал-маалы менен текшерүү, Орусияда кадыресе эле көрүнүш.

Миграция кызматынын маалыматында мындай көрүнүштөргө мигранттардын расмий документтерди мамлекеттик органдардан албастан, ортомчу тараптарга кайрылып, учурунда мыйзамдан буйтап кеткен аракеттери себеп болууда. Мыйзамсыз аракет качан гана паспорттун мөөнөтү эскиргенде же федералдык органдардын текшерүүлөрүндө билинип калып жатат.