Жаңылыктар
Ажылык сапарга даярдыктар башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Ажылык сапарга даярдыктар башталды

Ажылыкка даярдык иштери башталды. Сауд Арабияга барып, мусулманчылыктагы 5 парздын бири - ажылыкты аткарууну каалагандарды каттоо иштери 23-январда башталды. Ажылыкка барууда бул жылы кандай өзгөрүүлөр, жаңылыктар кирди? 

Ажылыкты уюштуруу иштери 12-январдан тартып башталды. Меккеге жеткирүүчү авиакомпанияны, зыярат кылуучулардын кийим-кечеси, эмдөө дарыларын Кыргызстанга алып келүүгө тендерди Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жарыялады. 23-январдан тарта каттоо иштери башталды.

Биометрикалык паспорт менен кабыл алуу Сауд Арабия Королдугунун талабы. Кыргызстан азырынча биометрикалык ички паспортторду гана колдонуп жаткандыктан быйыл ажыга баруучулар биопаспорт менен гана каттала алышат. Бүгүнкү күндө биометрикалык жарандык паспорт берүүдө иш-чаралар башталганын мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Азырынча ажылыктын акысы так чечиле элек. Мунун баары авикомпания, кийим-кече, дары-дармек, ажы башчылардын акысы эсептелгенден кийин гана белгилүү болот. Азырынча белгилүүсү Сауд Арабия Королдугу Меккеге кирүү акысын дүйнө жүзү боюнча 5%га кымбаттатты. Былтыркы зыяраттын акысы 2700 доллар деп эсептелген.