Жаңылыктар
Ак-Төбөдө өрттөнгөн автобустун үч айдоочусу камакка алынды
Дүйнө
Ак-Төбөдө өрттөнгөн автобустун үч айдоочусу камакка алынды

Ак-Төбөдө өрттөнгөн автобустун үч айдоочусу камакка алынды. Мындай маалыматты Казакстандын Ак-Төбө облустук прокуратурасы жарыялады. 

Белгилүү болгондой, камакка алынган айдоочулар Казакстандын жарандары. Алар автотранспорт каражатын пайдалануунун жана өрт коопсуздугун сактоонун эрежелерин бузган деп айыпталууда.

Расмий маалыматка караганда, тергөөдө автобусттун өрттөнүп кетишине анын ичин жылытуу үчүн май куюлган лампа колдонулганы себеп болгону аныкталды. 

Эске салсак, Казакстандын Чымкент шаарынан Орусиянын Самара шаарына бараткан автобус Ак-Төбө облусунун аймагында 18-январда өрттөнгөн. Анда Орусияга иштегени бараткан Өзбекстандын 52 жараны каза тапкан. Кырсык боюнча Казакстанда кылмыш иши козголуп, аны иликтөө үчүн эки өлкө мамлекеттик комиссия түзгөн.