Жаңылыктар
Бишкекте январь айында сууктун кесепетинен 15 адам көз жумду
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте январь айында  сууктун кесепетинен 15 адам көз жумду

Бишкекте 1-январдан 24-январга чейин сууктун кесепетинен 15 адам көз жумду. Бул жөнүндө Бишкек Шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

денесинде күч колдонулган белгилер табылган эмес, алардын көбү туруктуу жашаган жери жок селсаяк адамдар болгон. Көчөдө күн кечирген, туруктуу жашаган жери жок адамдарга күн сайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. 

Жылуулук берилүүчү түтүктөр, чатырлар текшерилип, ал жактан табылган адамдар "Коломто" социалдык мекемесине жана башка жайларга жайгаштырылып жатат. Өткөн жумада өткөрүлгөн рейд учурунда 239 селсаяк кармалган.