Жаңылыктар
Кыргызстанда дайынсыз жоголгон 16 жаштагы кыз Алматадан табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда дайынсыз жоголгон 16 жаштагы кыз  Алматадан табылды

Милиция кызматкерлери тарабынан 5 айдан ашык убакыттан бери изделип жаткан Казакстандагы Талгар шаарынын 16 жаштагы тургуну Алмата шаарынан табылды. Бул тууралуу расмий маалыматты Алмата облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы таратты.

Билдирүүдө айтылгандай, жоголгон кыздын 53 жаштагы апасы милиция кызматкерлерине 2017-жылдын август айында кайрылган. Анын арызынын негизинде ыкчам чараларды көргөн тиешелүү органдар алардын өздүгүн такташкан эле. Полицияга маалым болгондой, бул үй-бүлө Кыргызстандан жакында эле көчүп барып, Енбекшиказак районунда каттоого турушкан. Бирок ал жерде факты түрүндө жашаган эмес. Алардын Казакстанда тааныштары, достору да болбогону тергөө иштерине кыйынчылыктарды жараткан.

Тактоо иштери улантылып, анын жыйынтыгы менен өспүрүм кыздын жүргөн жери аныкталган. Ал эжесине качып барып, анын көзөмөлү менен 6 ай бою Алмата шаарындагы ижарага алынган батирде жашап жатканы белгилүү болду. Кыз эжесинен апасына маалымат бербөөнү суранган. Ал үйүнөн качканын үй-бүлөлүк чыр-чатактарга байланыштырган.

Өспүрүм табылгандан кийин апасына берилди. Бирок анын үйүнөн качканы бир нече ирет кайталангандыктан тиешелүү органдар бул фактыга байланыштуу тактоо иштерин улантып жатышат. Ошондой эле, өспүрүм кыз жер которгондон бери мектепте билим албаганы ачыкка чыкты.