Жаңылыктар
Чехиялык ишкерлер Кыргызстанга келишип, кызматташуунун жаңы жолдорун издеп жатышат
Экономика
Чехиялык ишкерлер Кыргызстанга келишип, кызматташуунун жаңы жолдорун издеп жатышат

Бүгүн,  16-мартта Бишкекте кыргыз-чех  экономикалык кызматташтыгын жандандырууга багытталган «Кызматташтыктын жаӊы жолдору» темасындагы кыргыз-чех  бизнес-форуму ишин  баштады. Кыргыз тарап мындай форум өлкөгө инвестицияларды  тартууда, жана эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө зарыл деп  эсептейт. Экинчи Кыргыз-чех ишкер форумунун алкагында расмий иш сапары менен  Чехия өлкөсүнүн Парламентинин төрагасы Ян Гамачек Кыргызстанга келди. Иш чарага ата мекендик 100дөн ашык ишкана башчылары жана Чехия  өлкөсүнөн келишкен 20 депутат катышты. 

2015-жылдын сентябрь айында Бишкекте Кыргызстандын эгемен тарыхында биринчи жолу кыргыз-чех ишкер форуму өткөн. Бул эки тараптын ишкер чөйрөсүнүн кызыкчылыгын арттырган.

Бүгүнкү күндө да чехиялык ишкерлер Кыргызстанга келишип, тыгыз кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн, жолдорун табууну издеп жатышат. Кыргызстандагы соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеевдин айтымында, бизнес-форум эки өлкөнүн соода-өнөр жай палатасы тараптардын ишкер чөйрөсүнүн катышуусу менен экономикалык байланыштарды кенейтүү жана жаңы багыттар боюнча кызматташуу максатында өткөрүлүүдө.

Ал арада Чехия өлкөсүнүн Парламентинин төрагасы Ян Гамачек да Чехия өлкөсү Кыргызстан менен солгундап бараткан байланышты калыптандыруу жана бекемдөөгө кызыкдарлыгын айтты. Чехиялык делегациянын курамында өндүрүш, машына куруу, авиация жана автомобиль өнөр жайы, фармацевтика жана банк иштери боюнча адистер келишкен.

Эске сала кетели үч күндүк ишкер-форумдун алкагында келген коноктор үчүн Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтар айтылды. 

Бозулан Ысаков, Биринчи радио