Жаңылыктар
Таласта өспүрүмдөр арасында суицидден сактануу маселеси түшүндүрүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Таласта өспүрүмдөр арасында суицидден сактануу маселеси түшүндүрүлүүдө

Таласта өспүрүмдөр арасында суициддерди алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өспүрүмдөрдүн өз өмүрүнө кол салуусу коомдун чоң көйгөйү. 2016-жылы алсак 5 өспүрүм өз өмүрүнө кол салса, 2017-жылы дагы 5 өспүрүм өмүрлөрүн кыйган.

«Бардыгы өткөөл курактагы өспүрүмдөр. Бардыгынын ата-энелери чет мамлекеттерге миграцияда жүргөндүгү аныкталган. Жаш балдарды өз өмүрүнө кол салуудан сактоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат», - деп айтылат маалыматта.